• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен шаарында милиция аткарган иштери боюнча элге отчет берди

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардын Кызыл-Жол кварталынын жашоочулары менен жолугуп, жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетторун берди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары Нуралдин Акмурзаев, Баткен ШИИБнин начальниги Жаныбек Канзаманов, Баткен шаарынын вице мэри А.Орозов жана квартал башчысы катышты.

Белгиленгендей, жыйналган эл шаардын милиция кызматкерлеринин алып барып жатышкан кызматына ыраазы болуп, милиция кызматкерлерине маселеси жок экенин билдиришти. Алардын негизги көйгөйлөрү социалдык мааниде берилип, суроолоруна жоопторду алышты.

Пикир

Оставить комментарий