• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен шаарында милиция жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң кварталынын аймагында жашаган жашоочуларга милициянын көчмө кабылдамасы жолугуп, көйгөйлөрүн угууда. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаар тургундарынын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында улуттар арасындагы чыр-чатактарды болтурбоо, жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларга жол бербөө, ошондой эле өлкөдө күч алган илдетти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Мал уурулуктардын алдын алуу боюнча эскертүүлөрдү берип, жарандар тарабынан түшкөн 2 кайрылууну кабыл алышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий