• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Баткен шаарында мыйзамсыз курулуштар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Баткен шаарынын мэринин тапшырмасы менен мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Орозбеков көчөсүндө кызыл сызыктан чыгарылган тосмолор алынды. Буга чейин архитектура тарабынан кызыл сызыктан чыгып кеткен жашоочулардын короолору өлчөнүп аныкталган.

Мыйзамсыз курулуштардан бошотулган көчөлөрдө жөө адамдар басуучу жолдор кеңейтилип, жашылдандыруу иштери аткарылат. Жолдун эки тарабындагы ирригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылат.

Шаарды тартипке келтирүү аракети мындан ары да уланат.

Пикир

Оставить комментарий