• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткен шаарында оңдоодон өтүп жаткан оорукана эки күндө бүтөт

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Баткен шаарында оңдоодон өтүп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасы эки күндө бүтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 90 орундуу оорукананын оңдоп-түзөөсүнө делип 17 млн 900 сом бөлүнгөн.

"Эски үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты оңдолууда. Бардык талаптарга жооп бере турган оорукананын оңдоо иштери эки күндө толугу менен бүтөт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий