• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен шаарында окуучулар үчүн “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Баткен облусунун Баткен шаарында жайгашкан КР ӨКМнин Үчүнчү өзүнчө-издөө куткаруу отрядында “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты табигый жана техногендик кырсыктардан коргонуу, жүрүм-турум эрежелери боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Ачык эшиктер күнүнө Баткен шаарындагы Ж. Бөкөнбаев жана В.И. Ленин атындагы орто мектебинин окуучулары, ошондой эле Баткен облустук гимназия жатак мектебинен окуучулары катышты.

Окуучуларга куткаруучулардын куткаруу шаймандары тааныштырылып, жоокерлердин бир күндүк жашоо-тиричилиги көрсөтүлдү. Ошондой эле, куткаруучулардын бийик имараттан жабырлануучуну куткаруу иштери иш түрдө көрсөтүлдү.

Соңунда окуучулар арасында эстафета өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө атайын баалуу белектер ыйгарылды.

Жогорудагы өткөрүлгөн иш-чаралардан мектеп окуучулары чоң сабак алышып, мындай иш-чараларды тез-тез өткөрүп туруу боюнча сунуштарын айтышты.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен “5-октябрь Кыргыз Респубоикасындагы кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата жарыяланган 1 айлыктын алкагында Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий