• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен шаарында пневмонияны аныктоочу эки санариптик рентген аппараты иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык жабдуулардын абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы учурда көп катталып жаткан пневмония оорусун аныктоо иштери менен таанышты.

"Учурда облустук ооруканада жана облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда санариптик флюрографиялык (рентген) жабдуулар орнотулган. Жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен 5 млн 800 миң сомдон сатылып алынган. Бирөө толук кандуу иштеп жатат. Экинчисин орнотуу жумуштары аяктады, жакынкы күндөрү ишке кирет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле облустук ооруканага кечээ күнү өкмөт тарабынан жаңы тез жардам унаасы берилди. Автоунаанын ичинде медициналык ыкчам кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, учурда облуста жасалма дем алдыруучу 44 аппарат иштеп жатат, ал эми 316 кычкылтек жеткирүүчү аппараты бар.

Пикир

Оставить комментарий