• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен шаарында жоголгон 22 жаштагы Айхан табылды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Баткен шаарында жоголгон 22 жаштагы Закир кызы Айхан табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айхандын ден соолугу жакшы, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, облустук милиция буга чейин Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 22 жаштагы тургуну Закир кызы Айхан дайынсыз жоголгондугун билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий