• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен шаарындагы 375 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 65 пайызга бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Баткен шаарындагы 375 окуучуга эсептелген мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, 65%га даяр болууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Азыркы учурда подряддык уюм тарабынан жыгач асма чатыр жана ички жасалгалоо конструкцияларды куруу боюнча иштери жана ички жасалгоо жумуштары жүргүзүүдө. Ошондой эле имараттын ичиндеги электр зымдарын монтаждоосу аяктап жатат.

Белгилей кетсек, аталган объектинин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен башталган. Бул объекттин сметалык наркы 1 263 566 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 809 602 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулушу жаы окуу жылына чейин бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий