• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткен шаарындагы жаңы мектептин курулуш иштери 70%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Баткен шаарындагы 375 окуучуга эсептелген жаңы орто мектептин курулуш иштери 70%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө буйрутма аткаруучу компания тарабынан электр зымдарын монтаждоо, терезелерди орнотуу иштери бүткөрүлгөн. Азыркы учурда ички жасалгоо иштери жүргүзүлүүдѳ.

Мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен каржыланып, анын сметалык наркы 1 млн 263 миң 566 долларды түзөт. Мектепти 2021-жылы бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда Сауд өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен 3 билим берүү объектиси курулууда. Алар 925 орунга эсептелген.

Пикир

Оставить комментарий