• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен шаарынын аймагында милиция кызматкерлери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Баткен шаарынын аймагында милициянын көчмө кабылдамасы элдер менен жолугууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу түзүлгөн графиктин негизинде жүргүзүлүп, ар бир көчөлөрдө, участоктордо, калктуу конуштарда коопсуздуктун алдын алуу жана кылмыштуулукка жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлүүдө.

"Милиция шаар аймагындагы тургундардын мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды мыйзамдаштырып алуу, үй-мүлктөрүнө сак болуусу, коомдук жайларда укук бузууларга жол бербөө багытында элдерге эскертүүлөрдү берүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кечээ, 16-май күнү шаар аймагында КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 7 протокол, тактап айтканда 188-беренеси ("Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу") - 2, 102-беренеси ("Ата-энелик милдеттерден качуу") - 4, 57-беренеси ("Ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү") - 1 толтурулуп, айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий