• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен шаарынын тургундарына мамлекеттик актылар акысыз берилет

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун айрым чек ара айылдарында укук күбөлөндүрүүчү документтерди жол-жоболоштуруу жана берүү, техникалык паспорттоштуруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды акысыз негизде мамлекеттик каттоо башталды. Бул тууралуу "Кадастр" мамлекеттик мекемеси басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 2022-жылы 24-мартындагы 128-р буйругуна ылайык, бул Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына кыймылсыз мүлккө юридикалык документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтүү үчүн жасалды.

Белгилей кетсек, "Кадастр" мамлекеттик мекемеси машиналарды жана жабдууларды сатып алууга, имараттарды жана курулмаларды учурдагы жана капиталдык оңдоого каралган каражаттарын оптималдаштыруунун эсебинен мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий