• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен шаарынын ЖӨБ кызматынын мурдагы башчысынын кызматтык жасалмачылык фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматынын мурдагы башчысынын кызматтык жасалмачылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Тергөө бөлүмүнө мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тарабынан жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча ыкчам материал келип түшкөн.

2007-жылдын 22-декабрында Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мурдагы башчысы С.С., Кыргызстандын Б.А., аттуу жаранынын наамына Баткен шаарынын аэропортунун кварталынын Туура-Таш массивинин аймагынан 1,50 га жер тилкесин берүү жөнүндө токтом чыгарган.

Ошону менен бирге, 2019-жылдын 16-августунда жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун негизинде Баткен районунун жергиликтүү каттоо органы тарабынан Б.А.нын наамына Ч сериясындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелнин мамлекеттик актысы түзүлүп берилген.

Баткен облустук мамлекеттик архивинин жообуна ылайык, жогоруда аталган токтом сактоого берилген эмес, КР өкмөтүнө караштуу "Кыргызмамжердолбоорлоо" жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорло институту" мамлекеттик ишканасынын Баткен боюнча жер жайгаштыруу экспедициясынын жообуна ылайык бул жер 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жайыт жана башка категориялар катары саналып келет.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүмүндө (Кызматтык жасалмачылык) боюнча

каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий