• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Баткен: Ширеч насостук станциясы жакын арада толугу менен жаңыланат

Аймак 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Баткен районунундагы Ширеч насостук станциясы жакынкы аралыкта толугу менен жаңыланат. Бул тууралуу Баткен облустук администрациядан кабарлашты.

Баткен облусунун жетекчиси өкүлү Акрам Мадумаров Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына иш сапары менен барды.

Жумушчу сапарынын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл, Кара-Токой айылындагы Буркан Мергенов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушунан кабар алды. Аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен башталып, каржылоо токтоп калгандыктан, курулуш үзгүлтүккө учураган.

Акрам Мадумаров үстүбүздөгү жылдын экинчи жарым жылдыгында мектептин курулушун улантуу боюнча тийиштүү иш аракеттерди көрүү зарылчылыгын белгиледи. 225 орундуу мектептин курулушунун жалпы сметалык баасы 46 млн сомду түзөт.

Андан ары өкүл Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагынан агып өткөн Кожошкен дарыясынын калктуу конуштарга кооптуулук жараткан участкаларын көрүп чыкты. Адистердин айтымында дарыянын жээгин бекемдөө менен турак жайлар суу каптоо коркунучунан сакталат жана дарыя жээгиндеги жерлерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Ошондой эле Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой жана Боз-Адыр айылдарына Кожешкен дарыясынан суу тартып берүүчү, Ширеч насостук станциясынын абалы менен таанышты. Аталган насостук станция, Өзбекстандын Шархабад айылында, анклавта жайгашкан. Учурда насостук станция жаңылоого муктаж.

Бул маселени чечүү үчүн республикалык бюджеттен 4 млн сом каражат каралып, алдыдагы эки айлык мөөнөттө толугу менен тетиктер жаңыланаары маалым болду.

Бул иш аракеттер ишке ашса, Суу-Башы айыл аймагына үзгүлтүксүз суу берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ширеч насостук станциясы Суу-Башы айыл аймагынын 400 гектар жерин сугат суу менен камсыз кылат.

Баткен районун Суу-Башы айыл аймагы Өзбекстандын Сох районунун Шархабад айылы менен чектешет.

Пикир

Оставить комментарий