• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен: түн тынч өттү, кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 28-январы саат 08.00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандык, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, түн тынч өттү.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Пикир

Оставить комментарий