• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен: Төрт банк чек арада жабыркаган жарандардын насыясын кечти

Аймак 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Төрт банк кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларынын насыясын кечти. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүк билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта жашаган жарандарга “Компаньон” банкы 2 млн сомдук гуманитардык жардам көрсөттү. Ошону менен катар 17 жарандын насыясын кечип, 3 жарандын насыясынын пайызын төмөндөттү.

Ошондой эле банк тарабынан 1 турак үйү күйгөн жаранга 25 миң сом материалдык жардам берилди.

Белгилей кетсек, КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев буга чейин Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банкттардын өкүлдөрү менен жолугуп, чек арадагы окуяда жабыркаган жарандардын насыяларын кечүү же жеңилдиктерди берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароону тапшырган.

Натыйжада “Мөл-Булак”, “Компаньон”, “РСК”, “Бай-Түшүм” банктары чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечүү чечимин кабыл алды.

“РСК” Банкы Баткен облусуна 2 млн 284 миң сом каражат которсо, Бай-Түшүм” Банкы куралдуу жаңжалда жабыркаган 9 жарандын насыясын жойду.

Пикир

Оставить комментарий