• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Баткен таңы” гезити жыл мыктыларын аныктады

Аймак 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. “Баткен таңы” облустук гезити тарабынан, облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошкон, кызматтык милдеттерин ак ниет, зор жоопкерчилик менен аткарган жыл мыктыларын сыйлоо аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Мыктыларды өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров куттуктап, аларга аймактын өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тандоо жергиликтүү жетекчилердин, коомчулуктун жана эмгек жамаатынын тандоосу, макулдашуусу менен аныкталды.

Редакциянын чечими менен “Жылдын мыкты акими”, “Жылдын мыкты мэри”, “Жылдын мыкты айыл өкмөт башчысы”, “Жылдын мыкты мамлекеттик кызматкери”, “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты дарыгери”,”Жылдын мыкты маданият кызматкери”,”Жылдын мыкты меценаты”, “Жылдын мыкты шахтеру”, “Жылдын мыкты прокурору”, “Жылдын мыкты милиция кызматкери” деген наамдарга татыктуулар тандалды.

Ошондой эле мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар кызматкерлер, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын сыйлыктары менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий