• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен: Тажикстан менен чектешкен аймакта эки типтүү мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарына типтүү мектептердин курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Мектептердин курулушуна капсула салуу үчүн Кыргызстандын президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Алманбет Салиев жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышты.

Орто-Боз айылындагы Жолдошбай Момунов атындагы орто мектеби 1938-жылы ашар жолу менен курулуп, учурда авариялык абалга деп табылган. Ал эми, Үч-Дөбө айылында башталгыч класстар үчүн гана мектеп иштеп, жогорку класстын окуучулары кошуна айылдарга барып окушкан.

Курулушу башталган Үч-Дөбө айылындагы мектеп 225 орунга ылайыкташып, 35 миллион сомго курулушу башталды. Ал эми Орто-Боз айылындагы мектеп 150 орунга ылайыкташып, 45 миллион сомго курулууда. Эки мектепти тең 2020-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, чек арага чектеш аймакта жайгашкан бул курулуштар өлкө башчысынын жеке көзөмөлүнө алынган.

Пикир

Оставить комментарий