• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен: Тажикстандык чек арачылар тарабынан кармалган кыргызстандык мекенине кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда саат 14:00дөр чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын 65 жаштагы Ж.Айдаров тургунунун бир баш бодо малы өзүнүн короосунан бошонуп, Тажикстандын Исфара районунун Майский айылы тарапка качып кеткен. Айдаров малды издеп барган учурда тажикстандык чек арачылар тарабынан кармалып, Исфара райондук милициясына өткөрүлгөн.

“Ошол учурда Көк-Таш айылынын 40-50гө жакын жергиликтүү тургундары чогулуп, Ж.Айдаровду Тажикстандын жарандары ургандыгын айтышкан. Чогулган эл Тажикстандын Майский айылынын 1962-жылы туулган Камал Сабиров тургунун кармап алышкан. Андан соң, Майский айылынын 10-15ке жакын жергиликтүү тургундары чогулган”, - деп айтылат маалыматта.

Эки тараптан тең жергиликтүү милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Тажикстандын укук коргоо органдары кармалган Ж.Айдаровду Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ж.Айдаров Баткен шаарындагы ооруканасына жеткирилди, абалы орто оор экендиги айтылат.

Аталган факты Баткен райондук милициясы тарабынан маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучу Ж.Айдаровтун денесинен алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эки тараптуу сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп, учурда абал туруктуу.

Окуя болгон жерде коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайгуулдар уюшулган.

Пикир

Оставить комментарий