• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: Турак жайсыз калгандарга жалпы 75 көчмө үйлөр жана чатырлар тигилди

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан Лейлек районунун Максат айылына 25 чатыр тигилип берилди.

Ал эми Кызыл-Ай коому тарабынан Баткен районунун Ак-Татыр айылына 16 көчмө үй, 8 чатыр, Ак-Сай айылына 8 көчмө үй, 8 чатыр, Достук айылына 10 чатыр берилип, ӨКМнин Баткен аймактык башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан тигилип берилди.

Белгилей кетсек чек арадагы куралдуу жаңжалдан, облуста жалпы 136 үй жараксыз абалга келген. Анын 93ү Лейлек районунда, 43ү Баткен районунда.

Пикир

Оставить комментарий