• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен: Жаңы-Жер, Максат айылдык милиция пункттарына кызматтык унаалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Баткендеги Жаңы-Жер, Максат айылдык милиция пункттарына кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирет.

Эске сала кетсек, 30-апрель күнү чек ара тилкелеринде тажик жарандарынын куралдуу кол салууларынын жыйынтыгында тажиктер тарабынан Кулуңду айыл аймагындагы Максат айылдык милиция пунктунун имараты толугу менен күйүп кеткен. Ал эми Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү талкаланып, тонолгон.

КР ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков 9-май күнү Баткен облусундагы иш сапарында Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулуңду айыл аймактарына барып, чек ара тилкелеринде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин жумушу менен таанышып, милиция кызматкерлерин колдоо максатында кызматтык унааларды убадалаган.

"Бүгүн, 19-майда Баткен ОИИБсинин башчысы Мурат Боронов Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнө жана Максат айылдык милиция пунктуна “Нива” үлгүсүндөгү 2 кызматтык унааларды, ал эми Баткен РИИБне “Honda CR-V 2” үлгүсүндөгү кызматтык унааны тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Мурат Боронов чек ара тилкелеринде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери менен жолугуп, куралдуу кагылышууда жабыркаган милициянын имараттарын тез аранын ичинде калыбына келтирүү боюнча ой-пикирлерин айтып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий