• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Атамбаев 5 облуста жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кенешине, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешине, Кызыл-Туу айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөру-Баш айылдык кеңешине, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешине, Ысык-Көл районунун Бостери, Кара-Ой айылдык кеңештерине, Тон районунун Улахол айылдык кеңешине, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешине, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жоош айылдык кеңештерине, Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешине, Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешине, Жайыл районунун Полтавка, Красновосточный айылдык кеңештерине, Кемин районунун Кек-Ойрок айылдык кеңешине, Москва районунун Александровка айылдык кеңешине, Сокулук районунун Орок, Новопавловка айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2017-жылдын 28-майына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак райондорунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тон райондорунун, Чуй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Сокулук райондорунун, Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын башчылары шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүне жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий