• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткен жана Фергана облустарынын башчылары жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Күн мурун, 9-июнда КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев менен Кадамжай шаарында жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышты. Анда чек ара аймактарында чыр-чатактарды болтурбоо, пикир келишпестиктерди алдын алууда эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүштү.

Эки өлкөнүн соода-экономикасын өнүктүрүү, чек ара аймактарында элдин ынтымагын, достук мамилесин бекемдөө максатында маданий байланыштарды чыңдоо боюнча да сөз болду.

Ошондой эле коронавирус илдети менен күрөшүүдө биргеликте аракеттенүүнү, бир-бирине колдоо көрсөтүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий