• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен жана Кадамжай райондорунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.05.18. /Кабар/. Баткен жана Кадамжай райондорунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-майында нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Ак-Өтөк айылында жана Кадамжай районунун Ак-Турпак, Кызыл-Коргон айылдарында сел жүргөн.

“Сел жүргөн аймакка ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов барып, сел кесепеттерин жоюуу боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды берген",-деп айтылат маалыматта.

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагында жүргөн сел Ак-Өтөк айылында элдин негизги киреше булагы болгон 15 гектар күрүч талааларды жууп кеткен. 30дай тургундардын короо жайларын кум шагылга толтуруп, 1 электр мамычасы жарактан чыгып, 15 үй-бүлө жарыксыз калган. 200, 300 метр ички чарбалык жол шагылга толгон.

Учурда сел жүргөн айылдарда 20 техника иштеп, калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.

Келтирилген зыяндын эсеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий