• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен жана Лейлек райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Учкунбек Жоробаев Баткен районунун акими болуп, ал эми Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын айтымында, тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Ошондой эле Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Абдыманнап Жакбаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган, анын ордуна Кутпидин Шакиров дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий