• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен жана Лейлектеги чек арачылар октябрдан тарта 76 миң сомго жакын маяна алат — Жапаров

Өкмөт 0


Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Баткен жана Лейлек районундагы чек арачылар мындан ары 76 миң сомго жакын маяна алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жергиликтүү тургундар менен жолукканда билдирди.

Жапаров чек арачылардын айлык акысы үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта эки эсеге жогорулатылганын баса белгиледи.

“Аталган эки райондо кызмат өтөгөндөрдүн маянасына эки коэффициент кошулду, демек, Баткен жаан Лейлек районундагы чек арачылар 76 миң сомго жакын маяна алышат”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда Баткен облусунда жүрөт. Ал 14-17-сентябрда тажик тараптын куралдуу кол салуусунун жүрүшүндө Максат айылындагы кыйраган объектилер менен таанышты. Ошондой эле Жапаров жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий