• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы үйлөрдү жана социалдык инфраструктураларды калабына келтирүүгө 3 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгиленген каражат мамлекеттик органдардын арыздары боюнча бөлүнөт. Сумма “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен каралган.

"Аталган сумма аскердик жана жарандык инфраструктураны оңдоого, калыбына келтирүүгө жана курууга жумшалат. Анын ичинде социалдык, ирригациялык объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого, турак жай курууга, ошондой эле жолдорду реконструкциялоого багытталат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий