• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен жана Сүлүктү шаарларында аттракциондордун ишмердүүлүгү токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Баткен жана Сүлүктү шаарларында жайгашкан эс алуучу жайларындагы аттракциондордун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, буга аттракциондор техникалык талаптарга жооп бербейт жана уруксат кагаздары жок иштеп келгендиги себеп болгон.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун текшерүүсүндө, Баткен шаарынын мэриясынын алдында 2 оюн-зоок аянтчасы жана Сүлүктү шаарындагы эс алуучу аттракциондорунун техпаспорту, атайын адистердин иштөөгө уруксат берүүчү кагаздары, ошондой эле, 20 жылдан бери оңдоп-түзөө, майлоо иштери жүргүзүлгөн эместиги аныкталган. Жеринде инспекторлор тарабынан мэрия өкүлдөрүнө бир айлык мөөнөттө аныкталган кемчиликтерди жокко чыгаруу боюнча эскертмелер берилип, аттракциондор электр энергиясынан ажыратылды. Коюлган талаптар аткарылганга чейин аталган аттракциондордун ишмердүүлүгү толугу менен токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий