• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен жана Согди облустары кызматташуу боюнча иш-чаралар планына кол койду

Аймак 0

Бишкек, 22.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Баткен шаарында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу иш-чаралар планы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, ага КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кол койду.

Иш-чаралар планы 33 пункттан турат.

"Анда негизинен социалдык экономикалык кызматташуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана жаштар саясаты, үй-бүлө жана аялдар иштери, туризм, соода-экономикалык байланыш, ынтымак жана достукту бекемдөө, өзгөчө кырдаалдар жаатында чогуу аракеттенүү белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Облус башчыларынын макулдашуусуна ылайык, алдыда бул иш-чаралар белгиленген мөөнөттө, биргелешип аткарылмакчы.

Аталган иш-чара Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу жыйынынын алкагында өттү. Ага эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров жана Азим Иброгим катышты.

Пикир

Оставить комментарий