• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен жана Согди облустарынын башчылары чек ара маселесин талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода Баткен шаарында жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Раджоббой Ахмадзода алгач Алишер Абдрахмановду жаңы кызмат орду менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалаган.

Ал эми Алишер Абдрахманов өз сөзүндө кыргыз-тажик элинин кылым карыткан достук мамилесин бекемдөө, чек аралаш аймактарда ар дайым туруктуулукту камсыз кылуу жаатында биргеликте иштөө зарылдыгын белгиледи.

"Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин илгерилетүүгө көмөктөшүү, чек арага чектеш аймактарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, эл арасында түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр чатактарга жол бербөө максатында облустун күч түзүмдөрү, тыгыз кызматташтыкта, биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, андан тышкары, тараптар Баткен облусу менен Согди облусунун алдыдагы жылдарга кызматташуу планын талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий