• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен жана Согди облустарынын башчылары чек арадагы коопсуздукту камсыздоо боюнча сүйлөштү

Аймак 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Кечээ, 4-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн облус башчылары Баткен жана Согди облустарынын чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, буга чейин эки тараптын макулдашуусу менен түзүлгөн милициянын жана чек арачылардын биргелешкен постун жана жөө патрулдардын ишин күчөтүү менен чек арадагы элди дүрбөлөңгө түшпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана эки тарап тең чек арага аскердик күчтөрүн алып кирбөө жана жайгаштырбоо боюнча макулдашышты.

Облус башчыларынын тапшырмасы менен чектеш жайгашкан Баткен-Исфара, Лейлек-Гафуров райондорунун акимдери жолугушту.

Жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү менен биргеликте чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барышууда.

Учурда Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч, күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, абалды көзөмөлгө алууда.

Пикир

Оставить комментарий