• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушуп, бир катар чечимдер кабыл алынды

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-октябрында КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода жолугушту. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун акими Баховадин Баходурзода катышты.

Тараптар Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хожъало айылына чектешкен Төрт көчө участогунда чек арадагы соңку катталган окуяларды талкуулап, алдын алуу чараларын карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

1) Чек аралаш аймактарда шарттуу чек ара сызыгына жакын курулуш иштерин жүргүзбөө;

2) Мал жандыктар эгерде чек арадан өтүп кетсе эки тарап тең кармабай, өз жерине кайтаруу (чыгарып жиберүү);

3) Аткезчиликке бөгөт коюу боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү бирдикте иш-чараларды жүргүзүү – жоопкерчилик эки облустун чек ара кызматтарында;

4) Суу маселеси боюнча Баткен жана Исфара райондорунун акимдери бүгүн саат 16:00дө жолугушуу өткөрүп, бирдикте чек аралаш аймактарда жөө жүрүп, кайсыл жерде көйгөйлүү маселелер бар жер-жеринде чечүү.

Жолугушуунун алкагында эки облустун башчылары эки тараптын күч структураларынын жетекчилерине өз ара сүйлөшүү, макулдашуу боюнча убакыт бөлүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий