• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен жана Согдий облустарынын башчылары жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстан Республикасынын Согдий облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын макулдашуусу менен Жаңы жылды утурлап эки элдин ынтымагын, достугун бекемдеген жолугушуу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар Баткен районунун Ак-Татыр айылында жолугушуп, ага Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын, чектеш район-шаарлардын башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана чектеш айылдардын аксакалдары, жаштары катышты.

Кыргыз-тажик эли, аксакалдар дасторкон үстүндө баарлашып, чек аралаш аймактарда катталып жаткан чыр-чатактарды жоюу, алдын алуу, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, карым-катнашты чыңдоо боюнча макулдашты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров сөз сүйлөп, кыргыз-тажик эли үчүн 2020-жыл ынтымактын жылы болсун, элдерибиз жалаң жакшылыктарда, жагымдуу окуяларда жолугушсун, чек аралаш аймактарда тынчтык, элибизде ынтымак болсун деген каалоо тилектерин айтты. Ошону менен бирге жергиликтүү эл арасында, эки элдин алакасын бекемдөөнү максат кылган маданий, спорттук иш-чаралар активдешет деп белгилеп, Жаңы жыл облустар аралык соода-экономикалык жактан өнүгүүнүн жылы болсун деген тилегин билдирди.

Ал эми Раджоббой Ахмадзода жалпы кыргыз элине жаңы жылдык каалоо-тилектерин айтып, кылым карыткан кошуналык мамилебизди чыңдоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайбыз, Жаңы жылда элибиздин карым-катнашынын, ар тараптуу кызматташуусунун бекемделишине шарт түзүүнүн үстүндө иштейбиз деди.

Жолугушууга 100гө жакын адам катышып, кыргыз-тажик элдеринин ыр бийлери менен коштолуп, чек аралаш аймактын элине жагымдуу маанай тартууланды.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин жолугушуусунда белгиленген кыргыз-тажик чектеш айылдарында достук мамилелерди чыңдоо боюнча коюлган тапшырмаларынын негизинде өттү.

Пикир

Оставить комментарий