• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Малатья шаарынын мэри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Малатья шаарынын мэри Селахаттин Гүркан менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда элчи Өмүралиев Баткен жана Малатья боордош шаарларынын ортосунда тыгыз кызматташтыкты түзүү зарылдыгын белгиледи. Түркиянын өрүк өндүрүшүнүн 70 пайызга жакыны Малатья аймагында топтолгондугун жана дүйнөдө өрүк экспорту боюнча 2-орунда экенин эске алып, элчи мөмө-жемишти өстүрүү жана кайра иштетүү жаатында жаңы технологиялар боюнча практикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле Баткен өрүгүн экспорттоого көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушуунун соңунда Элчи Өмүралиев шаарда жашаган этникалык кыргыздарга көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле акыркы мезгилде иштөө жана билим алуу үчүн келген Кыргызстандын жарандарынын саны өсүп жатканын эске алуу менен, мэр Гүрканга алардын шаарда жайгашуусуна көмөк көрсөтүү суранычын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий