• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен жана Талас облустук сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Баткен (7) жана Талас (1) облустук сотторунун судьяларынын кызмат ордуна дайындоого 8 талапкер боюнча сунуштар киргизилген. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

2018-жылдын 31-майында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти Баткен облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна 4 талапкер, Талас облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна 1 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы Баткен облустук сотунун судьялыгына 3 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына талапкерлер жана Баткен облустук сотунун айрым судьялары боюнча үч Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан 8 судьясы кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктары 2018-жылдын 31-апрелинен тартып токтотулду.

Экинчи Жарлык менен 5 талапкер — Баткен облустук сотуна: Аданбаев Зарипбек Максутович, Алибаев Бактыяр Маликович, Жороев Султангазы Золотунович, Нарынбаев Таштанбек Пахирович; — Талас облустук сотуна Боромбаев Мирлан Искакович Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды.

Үчүнчү Жарлык менен дайындалган судьялар Баткен жана Талас облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий