• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен жана Жалал-Абад облустарынын медиа борборлоруна жетекчилер дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен Баткен жана Жалал - Абад облустук медиа борборлордун жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, Баткен облустук медиа борборуна Токторов Алим Абдинабиевич жана Жалал- Абад облустук медиа борборуна Алдакулов Тургунбай Абдирасулович дайындалды.

Мындан кийинки кызматтык дайындоолор Ысык- Көл, Нарын жана Талас облустарында жүргүзүлөт.

Маалымат катары билдирсек, министрликтин карамагындагы мекеме жетекчилерин дайындоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №236 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндөгү Жобонун 13- пунктунун 7-пунктчасына ылайык жүргүзүлөт.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдөгү облустук мамлекеттик телерадиоберүү уюмдарын, облустук жана райондук гезиттерди бириктирүү жолу менен, алардын базасында 7 облустук медиа-борбор түздү. Бул реформа облустук жана райондук гезит редакцияларынын ишмердүүлүгүнө акыркы жылдары жүргүзүлгөн изилдөөнү эске алуу менен жүрүп жатат.

Жаңыдан түзүлүп жаткан мульти форматтагы облустук медиа борбордо телекөрсөтүү, гезит, web-сайт, он-лайн берүү жана пресс-борбор платформалары болуп, республикадагы 40 районду жана райондук маанидеги ири шаарларды камтып, ар бир райондо эки кабарчы иш алып барат. Жакынкы аралыкта министрлик аймактык медиа борборлордун кызматкерлери үчүн заманбап журналистиканын жаңы усулдары боюнча окууларды өткөрүп баштайт.

Пикир

Оставить комментарий