• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен: Жардам колун сунган жарандардын катары көбөйүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда жардам колун сунган жарандардын катары көбөйүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарында, жеке ишкерлер А.Эшмуратов жана Ж.Абдулазизовдор аймактагы ооруканага 2 кислороддук концентратор, 15 даана көп жолу колдонуучу костюм, 10 даана бир жолку коргонуучу костюм, 20 даана бет коргоочу, көп жолу колдонуучу беткаптарды жардам катары беришти.

Ал эми жеке ишкер Бурул Аманова баштаган “Кадамжай ынтымагы” коомдук бирикмеси, райондогу күндүзгү стационар үчүн 50 керебет жасатып беришти. Ошондой эле Кадамжай районун тургуну, жеке ишкер М.Ташмурзаев баштаган демилгелүү жарандар, аймактык ооруканага керектүү буюмдарды жана бир автоунааны тез жардам катары пайдаланууга, күйүүчү майы менен беришти.

Лейлек районунун Ак-Арык айылында атын атагысы келбеген бир туугандар 2 даана кычкылтек концентратору, 136 даана респиратор, 100 даана жеке коргонуучу каражаттар, 1 даана тепловизорду аймактык ооруканага тапшырышты.

Кулунду жалпы дарыгерлер борборуна "РеалСтрой" соода борборунун жетекчиси Пусуров Бакытбек 4 кычкылтек концентраторун, жеке коргонуучу каражат, 2 кварц, лампа жана медициналык каражаттарды тапшырды.

"Лейлек Транс" ЖЧК кычкылтек концентрат аппаратын, жеке ишкер Орозалиев 1 кондиционер, 1 тонна күйүүчү май түрүндө жардам көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий