• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен: жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Баткен району жана Сүлүктү шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциялары жергиликтүү тургундардын жашаган турак-үйлөрүнө барып, аралыктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Баткен районунда эки, ал эми Сүлүктү шаарында бир факты жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп, каза болгон учурлары катталган.

"Жыл сайын милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаз алды менен жер-жерлердеги бассейндерге, көлдү иштеткен жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Мындан сырткары, каналдарга, көлмөлөргө негизи эле суу аккан
обьекттерге коопсуздук жаратпаш үчүн атайын тосмолорду, эскертүү баннерлерин коюу боюнча суу-чарба башкармалыктарына кайрылууларды жөнөтүп, коопсуздуктун алдын алып келет", - деп айтылат маалыматта.

Облустук милициядан маалымдашкандай, бирок тилекке каршы, ата-энелердин кайдыгер жасаган мамилелеринен быйыл мектеп жашына чейинки наристелер сууга чөгүп каза болгон.

"Жаш жеткинчектердин ден-соолугун кароо жана саламаттыгын сактоо жаркын келечекке жол ачат. Ошондуктан урматтуу ата-энелер жана облустун тургундары, өз балдарыңарга кайдыгер карабай, аларды көзөмөлгө алып, көңүл бурууңуздарды суранып кетебиз. Анткени жаш жеткинчектер бизди келечегибиз! Өлкөнүн тынчтыгы, айылдын коопсуздугу ар бирибиздин колубузда. Биз биргеликте ар кандай кылмыштын алдын алсак, жогорудагыдай бөөдө кырсыктан алыс болобуз", - деп Баткен облустук милициясы жергиликтүү тургундарга кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий