• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткен облусунун аймагында рейд өтүп, бир катар кылмыштардын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Баткен облус аймагында “Нелегал-Трафик” операциясы жыйынтыкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук ИИО кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Нелегал-Трафик” операциясы 7 күнгө созулуп, 2 уурулук, 1 опузалап акча талап кылуу, 1 диний экстремисттик материалдарды таратуу жана жайылтуу, 1 мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларынын бети ачылып, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ал эми Баткен облусунда жүргөн чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

КР мыйзамдарында белгиленген тартипти бузган чет өлкөнүн 9 жаранына протоколдор толтурулуп, айып пул салынды.

“Нелегал-Трафик” операциясына облус аймагындагы ыкчам кызматкерлер жана кызматтык автоунаалар тартылып, мечиттер, базарлар, автобекеттер, мейманканалар жана шахталар текшерилди.

Пикир

Оставить комментарий