• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 1 жылдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан киши изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Баткенде 1 жылдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан киши изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1962-жылы 19-ноябрда туулган Эрматов Нусратулла Рахматуллаевич өзү жашаган Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Исфайрам айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал 2019-жылдын 31-декабрь күнү саат 02.30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, чачы кара түстө, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай. Акыл-эси соо.

Эгерде Нусратулла Эрматовдун кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 03655 5-02-29, 03655 102, 0505 25-00-09.

Пикир

Оставить комментарий