• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде 10 миң калкка 1 үй-бүлөлүк дарыгер туура келет

Аймак 0

Бишкек, 29.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Учурда Баткен облусунда жалпы практика дарыгерлеринин курч жетишсиздиги байкалууда. Аймактын айрым айылдарында дарыгерлер таптакыр жок. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү облуста 87 дарыгер жетишсиз болсо, алардын 30% үй-бүлөлүк дарыгерлер.

“Бизде бир дагы үй-бүлөлүк дарыгер жок айылдар бар. 10 миң калкты бир үй-бүлөлүк дарыгер тейлейт. Ал үчүн бул абдан оор жүк. Баткен облусу ординаторлорду кабыл алып, аларды турак жай жана көмүр менен камсыздоого даяр. Биз ординаторлорго муктажбыз жана аларды күтөбүз”, - деп белгиледи ал Бишкектеги медициналык билим берүү боюнча тегерек үстөлдө.

Тегерек үстөл 27-мартта өттү. Ага Жогорку Кеңештин, КР Өкмөтүнүн, КРдагы Швейцария элчилигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, облустук өкүлчүлүктөрдүн, билим берүү жана саламаттык уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада жалпы практика дарыгерлеринин маянасын жогорулатуу, аймактарга ординаторлорду жөнөтүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий