• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Баткенде 100 миң сомдук аткезчилик жүктү алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Баткенде 100 миң сомдук аткезчилик жүктү алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагында Й.А.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда колго жасалган, буга чейин колдонулган үч электр пилорамасы (айланма станок) табылган. Товардын баасы 100 миң сомду түзгөн. Й.А.А. электр пилорамаларын Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган.

Жыйынтыгында Й.А.А.га карата укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесине ылайык, 60 миң сом айып салынган. Андан ары эки эселенген 24 миң 500 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Транспорт каражатына карата материалдар сот органдарына конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий