• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде 100дөн ашуун адамдын катышуусунда күзгү массалык чуркоо өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-сентябрда, Баткенде 100дөн ашуун адамдын катышуусунда күзгү массалык чуркоо өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусунда өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чарага Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана Баткен шаарынын тургундары катышты.

"Жалпысынан 100гө жакын адам катышып, алар 3 чакырым аралыкты чуркап өтүштү. Жыйынтыгында эркектер жана кыздар арасында алдыңкы орунду ээлегендер үчүн 1-2-3-орунга дилом жана кызыктыруучу белектер жана жашы 60ка жакындаган же 60дан ашкан катышуучуларга да кызыктыруучу белектер тапшырылды. Анан да жалпы катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн облус башчысы ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий