• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде 11 жаштагы кыз Батырханов чоң каналына чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Баткен шаарындагы Батырханов чоң каналына 11 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү бүгүн саат 10:59да түшкөн.

ӨКМден билдиришкендей, куткаруучулар жеткенге чейин чөгүп кеткен кыздын сөөгүн жергиликтүү тургундар суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Кырсык болгон жерге 11 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий