• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде 12,2 миңден ашык окуучу 1-класска барды

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда 12 миң 221 окуучу 1-класска барды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, облустагы 224 мектеп жеткинчектерди кабыл алды.

"1-класстын окуучулары толук реалдуу режимде окуп башташты. Ошол эле учурда санитардык талаптарды, аралыкты сактоого өзгөчө маани берилүүдө”, - деди Максутов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-сентябрь күнү 156 миң 430 окуучу мектеп босогосун аттады.

Пикир

Оставить комментарий