• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен шаарына 1200 орундуу орус тилдүү мектеп курулат

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Баткен шаарына 1,2 миң орундуу орус тилдүү мектеп курулат. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарына Россия Федерациясы 1 миң 200 орундуу орус тилдүү, бардык шарттары менен комплекстүү мектеп куруп берет. Ал үчүн шаардык мэриясы Чет-Булак кварталынан 2 га жер тилкесин бөлгөн.

"Бүгүн Россиядан келген атайын эксперт Радик Юлбаев мектеп комплекси үчүн бөлүнгөн жерде шаар башчысы Имамназар Бурканов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Россия өлкөсүнөн келген эксперт 2022-жылдан тарта бүтүрүүчүлөрдү Башкортостан Мамлекеттик педагогикалык университетине бюджеттик негизде окуучуларды кабыл алып, адистерди даярдап берүүгө даяр экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий