• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде 13 тонна аткезчилик кийим ташып бара жаткан жүк ташуучу унаалар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда 7 миллион сомдон ашык акчага бааланган аткезчилик кийимди ташып бара жаткан жүк ташуучу унаалар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭКККМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, “МАN” жана “Вольво FH” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалардан салмагы 13 тоннадаш ашык, тиешелүү документтери жок кийимдер табылган.

Кармалган товардын баасы 7 миллион 684 миң сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча 204-беренеге (Аткезчилик) ылайык кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий