• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде 140 миң сомдук аткезчилик капуста кармалды - МБК

Укук тартиби 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. “Түштүк” бажысынын ыкчам бажы кызматынын бажылык мыйзам бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 140 миң сомдук товарды мыйзамсыз ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызмытынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Баткен облусундагы “Төрт-Күл” суу сактагычынын аймагында Кыргызстандык жаран Т.у,М айдаган КР мамлекеттик номерлүү «ДАФ-FTX» маркасындагы «Ламберет» жарым прицептүү жүк унаасы токтотулуп, текшерилген. Текшерүү учурунда унаадан 20 000 килограмм капуста табылган. Иштин материалдары Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий