• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде 15 миңден ашык бөтөлкө мыйзамсыз алкоголь тартып алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Баткен облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактаган жана саткан 7 дүкөндү аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2,5 млн сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 15 миң 479 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий