• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде 16 тонна контрабандалык күрүчтү ташып келген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Баткенде 16 тонна контрабандалык күрүчтү ташып келген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте 30-мартта С.С.М. аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 16 тонна контрабандалык күрүч табылган. Анын болжолдуу баасы 2 млн сомду түзөт.

Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий