• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде 19 жаштагы бала даракка асынып алды

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Баткен облусунда бир жигит асынып алган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17-июлда болжол менен саат 10:07де Совхоз айылындагы Ирадан көчөсүндө даракка асынып алган 1999-жылкы Б.К., аттуу жаранды табышкан.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар маркумдун жансыз денесин дарактан алышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий